Бүгүн Кыргызстандан Параазия оюндарына аттанган спортчуларга Мамлекеттик желек тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Оюндарга 29 кыргызстандык спорттун алты түрү: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо боюнча катышат.
Эске сала кетсек, оюндар 20-30-октябрда Ханчжоу шаарында (Кытай) өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн