Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бүгүн Садыр Жапаров Бишкекте бир катар жаңы объектилерди ачат

29.12.2022 11:55
296
Бүгүн Садыр Жапаров Бишкекте бир катар жаңы объектилерди ачат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы «Келечек» балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат.

Борбор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган.


Ошондой эле, президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат.

Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

“Келечек” балдар реабилитациялык борборунун ачылышын түз чагылдыруу 14:00дө башталат.

ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылышы болжол менен 15.00дө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн