Бүгүн, 9-мартта түштөн кийин Жогорку Кеңешке президент Садыр Жапаров келет. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Анын айтымында, президент айрым министрлердин ант берүү аземине катышат.
Белгилүү болгондой, бүгүн Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев жана Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Талантбек Иманов ант берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн