Бүгүн, 1-сентябрда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
КРнын Конституциясынын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.
30-июнда 6-сессия аяктаган. Июль айында депутаттар аймактардагы шайлоочулар менен жолугуп, августта эмгек өргүүгө чыгышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн