Кулжа 03, 2025
Убакыт: 05:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.095
1.135

Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүүдө

26.05.2025 11:36
120
Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүүдө


Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлүүдө.


Бул күн ар бир бүтүрүүчү үчүн балалык менен коштошуп, чоң жашоого кадам таштоонун символу катары маанилүү. Бүтүрүүчүлөр сүйүктүү мугалимдери, классташтары менен коштошуп, алдыдагы чоң жашоого ишеним менен кадам таштоого даяр болгон күн. Акыркы коңгуроо – ар бир бүтүрүүчү үчүн унутулгус саамалык.


2024-2025-окуу жылында республика боюнча 11-классты 80 миң 348 бүтүрүүчү аяктады.


Агартуу министрлигинен билдиришкендей, "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөн.


Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.


Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.


Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт.


Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин милиция кызматкерлери республиканын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.Коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн