Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бүгүн "Ак шумкарлар" Тажикстандын курамасына каршы оюн өткөрөт

14.06.2022 10:01
1113
Бүгүн "Ак шумкарлар" Тажикстандын курамасына каршы оюн өткөрөт

Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн талаасына чыгат.


Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 21:00дө башталат.


Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.


Тайпада учурда Тажикстан эки оюндан кийин алты упай топтоп, биринчи орунда келе жатат. Алар алгач Мьянманы 4:0 эсебинде, анан Сингапурдун командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстандын курамасы биринчи оюнда Сингапурду 2:1, экинчисинде Мьянманы 2:0 эсебинде артта калтырып, алты упай жыйнады. Бирок голдордун саны аз болгондуктан Тажикстандан кийинки орунда келе жатат.


F тайпасындагы акыркы оюн бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстан жана Мьянма менен Сингапурдун ортосунда орун алат.


“Ак шумкарлар” Тажикстандын командасын жеңсе, F тайпасынан биринчи орун менен чыгат. Ал эми жеңилсе, анда башка тайпадагы экинчи орун алган командалар менен чогуу каралып калат. Киргизген жана өткөргөн голдордун артыкчылыгы жогору болгон учурда Кыргызстан тайпадан экинчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүк алат.


Ал эми 2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.


Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Учурда алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру жогоруда айтылгандай, алты өлкөдө алты тайпага төрттөн команда болуп бөлүшүп, оюн өткөрүүдө. Ар бир тайпанын биринчи орун алган комадасы жана экинчи орун алган беш курама (гол, упайлардын артыкчылыгына жараша) жолдомо алат. Ошондо экинчи орун алган бир команда Азия кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн