Бүгүн, 31-декабрда түндө президент Садыр Жапаров кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктап, кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Бардыгыңыздарды келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге, үй-бүлөңүздөргө жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, ийгиликтерди, бакубатчылыкты каалайм!
Бүгүн кечинде Президент Жапаров өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын узатып жатып, алгачкы жолу Мамлекет башчысы катары кыргызстандыктарга жаңы жылдык куттуктоосу менен кайрылат.
Бардык республикалык телеканалдардан көрүңүздөр.
Башталышы – 23:42де",- деп билдирди Султанбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн