Бүгүн, 1-ноябрда Бишкекте жол кире көтөрүлдү. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Маалым болгондой, маршруттук таксиде жүрүү акысы 10 сомдон 15 сомго, автобус жана троллейбустарда жүрүү акысы 8 сомдон 11 сомго кымбаттады.
Автобус жана троллейбустарда пенсия курагындагы жарандар күбөлүгү менен акысыз жүрө алат. Ал эми маршруткаларга 8 сом төлөөгө туура келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн