Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бүгүндөн тартып Кыргызстанга чет элдик жарандардын кирүүсүнө чектөө киргизилет

18.03.2020 12:35
684
Бүгүндөн тартып Кыргызстанга чет элдик жарандардын кирүүсүнө чектөө киргизилет


Кыргызстанда 19-мартка караган түнү саат 00:00дөн тартып республиканын аймагына чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Нурлан Абдылдаев бүгүн, 18-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустун мындан ары жайылышына каршы туруу жана калктын ден соолугун коргоо максатында бүгүн өкмөттүн жарлыгы чыкты.   


Жарлыкка "Ички миграция жөнүндө" мыйзамынын 7-беренесине, "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесине, "КР жарандарынын ден соолугун сактоо жөнүндө" мыйзамынын 10-беренесине жана "Өкмөт тууралуу" Конституциялык мыйзамынын 17-беренесине ылайык кол коюлду. 


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
https://www.facebook.com/100036187099712/posts/209063766976525/?sfnsn=mo эрте эле кенебестик кылбай алдын салсанар болмок дагы деле иш жүзүнө канча пайыз ашат
Ушуну эрте эле көзөмөлдөсөнөр болмок да ишке канча пайызы ишке ашат кенебестиктен кирип келди вирус.