Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бүгүнтөн баштап кагаз түрүндөгү уруксат берүү токтотулат

02.04.2020 15:02
1003
Бүгүнтөн баштап кагаз түрүндөгү уруксат берүү токтотулат


Бүгүнкү күндөн баштап кагаз түрүндөгү уруксат кагазын берүү токтотулат жана анын ордуна электрондук система иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде брифингде белгилүү болду.

Биринчи этапта мамлекеттик органдарга: Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана башка органдардын кызматкерлерине берилет.

Андан соң жарандарга күнүмдүк жашоо-турмушка, медициналык тейлөөлөргө керектөө үчүн зарыл болгондорго берилет. Ошондой эле, Бишкек шаардык мэриясына, ыкчам тейлөө топторуна, жеке күзөт ишканаларына жана авариялык кызматтарга таратылат. Андан кийин ишкерлерге жана бизнесмендерге берилип баштайт.

Ал эми мурда берилген кагаз түрүндөгү уруксат кагаздар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин гана колдонууга болот.

Уруксат кагазын алуу боюнча арыз 24 сааттын ичинде каралат. Буга чейин эле Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев электрондук система иштей турганын маалымат жыйында айткан болчу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн