Баш оона 05, 2025
Убакыт: 12:50
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Бүгүнтөн тарта Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

05.08.2025 10:08
16
Бүгүнтөн тарта Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат


Бүгүн, 5-августтан тарта Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.


Муниципалитеттен билдиришкендей, кыймыл жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.


Быйыл Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолууда.


Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.


Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн