Кулжа 11, 2025
Убакыт: 02:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Бүгүнтөн тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн чыгарылат

10.06.2025 10:27
21
Бүгүнтөн тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн чыгарылат


Бүгүнтөн тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Улан Куралиев билдирди. 


Анын айтымында, бүгүнтөн баштап "Нелегал" аталышындагы рейд жүрүп, чет элдиктер текшерилет. Буга чейин аларга документтерин мыйзамдаштырып тууралаганга же болбосо өлкөдөн өз алдынча чыгып кетиши үчүн убакыт берилген. 


“Көпчүлүк чет элдиктер турист же студент катары кирип, мыйзамсыз иштөөдө. Айрым ишканалар жана окуу жайлар мигранттардын виза мөөнөтүн узартпай, чет элдиктер начар абалда жашап жатат. Бул алардын мыйзамды, коомдук тартипти бузушуна алып келүүдө",-деди ал. 


Куралиев белгилегендей, өлкөгө Кытай, Бангладеш, Пакистан, Непал өлкөлөрүнөн келген мигранттардын саны арбын. Жыл башынан бери 61 миң турист, 30 миң студент, 12 миң эмгек мигранты, 10 миң киши ишкердик, үй-бүлөлүк шарттар менен келген. Ал эми 5 миң адам мыйзамсыз кирген. 


“Жалпысынан айтканда, мигранттар 100дөн ашуун мамлекеттен келишет. Алардын басымдуу бөлүгү жеңил өнөр жайда, өндүрүштө, энергетикада, соода тармагында эмгектенишет”,-деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн