Өзбекстандын Бухара облусунун С.Д. аттуу 34 жаштагы тургуну эркектерге ВИЧ инфекциясын жугузганы үчүн кармалды. Ал өзүнүн дартын билип туруп эркек киши менен коргонуусуз жыныстык катнашка барган. Анын айынан өнөктөшү вирусту жуктуруп алган.
“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, С.Д. аттуу аялга буга чейин дарыгерлер бир нече жолу кагаз түрүндө да сактанууну эскерткен. Эми аны кылмыш жоопкерчилиги күтүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн