Президент Садыр Жапаров “Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү аркылуу коомдук жана ири ишканалардын субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын жоопкерчилигин жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын күчөтүүнү карайт:
– аудит жаатында эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү; карама-каршылыктарды, коллизияларды болтурбоо;
– бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы кенемтелерди жоюу.
Бул оңдоолор финансылык отчеттуулукту түзүүнү оптималдаштырууга жана мыйзамдарды Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына ыңгайлаштырууга багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн