Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бул оору азаят, 5 күн калды, - министрлик кызматка талапкер С.Абдикаримов

01.04.2020 18:18
34015
Бул оору азаят, 5 күн калды, - министрлик кызматка талапкер С.Абдикаримов


Бул оору азаят, 5 күн калды. Мындай болжолдоону Саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкер Сабиржан Абдикаримов депутат Алмазбек Батырбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.  


Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус илдетинин жайылышын токтотуу милдети турат. Ооруган адамдар менен байланышта болгон жарандар так билиниши керек.


Эң негизги чаралардын бири үйдөн чыкпоо (самоизоляция) керек. Бул оору азаят. 5 күн калды, ушул күндөрү белгилүү болуп калат. Дубайдан келгендер ооруганы ооруп жатат, айыкканы айыгып, жукпаганы жукпагандай жыйынтыгы билинет”, - деди ал.

Пикирлер (19)

Коопсуздук коду
Мендеева Кыял
Айтканыңыздар ишке ашсын!
Эля
Сиздер башында эле,аэропорттон кармап,сразу14 кунго камасанар болмок да ооруйбу,оорубайбы.100догон адамдардан обсерватория аяп,1000 адамдар ооруп жатат,мен ойлойм сиздердин шалаакылыгынардан,ушул болуп жатат,ичип чычып журуп алдынар да.
Данияр
Албетте бул тоготпогондуктан биринчи күндөрү көп адамдар өтүп кетти,бул катаны азыр россия кайталоодо таң калыштуусу,россияда кыргызстанга кетем деген жарандарды ооруй элегинде алып чыгып кетиш керек болчу, ээми сак бтлуш керек кудай сактасын
Арсен Аскеров
Урматтуу жолдоштор жугуштуулук оорунун белгилери пайда болушуна чейин башталат, 4,5 пайыз адамдар сиптомдору жок болот, бирок айланага аба аркылуу, контактар аркылуу жугат, вируска иммунитет абдан туруктуу эмес, ошондуктан айыккда дагы бир аз кутуш керек изоляцияда
Марлен
Бул киши ото тажрыйбалуу эпидемиолог, Республикалык ото кооптуу жана карантиндик инфекциялар борборун жетектеп келген.
Я вовремя
Туура озу март айында жылыга адамдар кобуроок ооруйт иммунитети слабыйлар олумго дуушар мал жаныбар арыктайт олум житим коп болот март айында , мен мындай кепти карыялардан коп укчумун бактерия любой адамда бар адам качан слабый сезгенде денедеги бактерия озунун ордун жайылтып баштайт ошол учурда суюкткту кобуроок ысык ичип тердеп Курош жургузу керек курсанты ачырбаш керек .