Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бул шайлоо - үнөмдүн, кайрымдуулуктун гана шайлоосу болушу керек

09.07.2020 16:00
1293
Бул шайлоо - үнөмдүн, кайрымдуулуктун гана шайлоосу болушу керек



Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу чакырыгы менен бийликтегилерге кайрылды.

 

Бул өлкөгө чукул абал киргизүү жөнүндө да чакырык. Анткени, чукул абал киргизилген жерде гана массалык иш-чараларды өткөргөнгө болбойт. Шайлоого чейин төрт ай бар. Демек, анда чукул абал 6-7 айга киргизилиши керек.

 

Ооба, республикадагы пандемиялык кырдаал оор, бирок акыбал кандай оор болгон менен азыркы парламенттин мөөнөтү 4-октябрда бүтөт, аны жалпы элдик добуш берүү аркылуу гана узартса болот, башка жолу жок. Октябрдан кийин азыркы парламент кабыл алган чечимдердин бири да легитимдүү болбойт. Ал эми референдум деле шайлоонун бир формасы. Андай жол менен азыркы парламенттин мөөнөтүн жарым жыл-бир жылга узарткандан көрө кандай кыйынчылык болбосун жаңы шайлоо өткөргөн туура.

 

Анткени, күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүлбөсө, Кыргызстан жөн эле мыйзам чыгаруу бийлиги жок калат. Анда коопсуздук кеңешинин чечими менен анын ыйгарымдарын мамлекет башчысы өзүнө алышы керек. Анда шылтоого шыноо таппай тургандар президент мамлекеттик бийликти узурпациялап алды деп кыйкырып чыгышат.

 

Бирок, күздөгү парламенттик шайлоо - үнөмдүн, кайрымдуулуктун гана шайлоосу болушу керек. Уюштуруу иштерине жана техникаларына, канцелярдык, жол сапар чыгымдарына ж.б. жумшалчу каражаттар кеминде эки эсе кыскартылышы зарыл. Мурдагы шайлоолордогудай партиялар стадиондорго, ат майдандарына, театрларга элди чогулта алышпагандан кийин алар өздөрүнүн шайлоо фондуларына чогулткан акчаларынын бир бөлүгүн коронавирус менен күрөшүү фондуна өткөрүп беришсе, эң туура болмок.

Анан БШК карантиндик эрежелерди бузган партияларды ошол замат шайлоого катышуудан алып салуу жөнүндө катаал норма киргизиши зарыл. Болбосо ал жагы да кыргызчылык болуп кетип, абалыбызды дагы оорлотот.

 

Азыр фаворит партиялар тизмелерин түзүүнү аяктап атышат. Азыркы депутаттардын бир бөлүгү андай тизмелерге илинбей калуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алардын бир бөлүгү алты айга да болсо ыйгарымдарыбыз узартылса деген ойдо сөзсүз Никитенконун кайрылуусун колдоп чыгышат. Демек, мындан ары парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу чакырыгы менен чыккандар аз болушпайт...


Мирлан Дүйшөнбаев


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн