Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:42
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бул жашоодон жылуу жер табуу менен сен тозоктон өзүңө бир орун камдаган болосуң

30.08.2023 21:30
308
Бул жашоодон жылуу жер табуу менен сен тозоктон өзүңө бир орун камдаган болосуң


Тозок – бул ичинен жабылчу эшик.

(Клайв Стейплз Льюис)


Мамлекеттин милдети бейишти жаратуу эмес, тозокту болтурбоо.

(Александр Иванович Лебедь) 


Тозок – бул өз ойлоруңан жана кылган иштериңен уялуу.

(Михаэль Лайтман)


Тозок менен бейиш экөө бир эле нерсе.

(Бауыржан Карасаев)


Жакшылык кээде тозоктун так ортосунан табылат.

(Чарльз Буковски)


Эгер тозок чындап эле бар болсо, ал компьютерлештирилген болсо керек.

(Станислав Лем)


Тозок – бул сулуу аялдар көп, бирок бир да күзгү жок жер.

(Леонард Луис Левинсон)


Биздин жер шарыбыз кайсы бир башка планета үчүн тозок болсочу?

(Олдос Хаксли)


Эгер адамдын бардык тилеги ишке ашса, жер шары тозокко айланып кетмек.

(Пьер Буаст)


Бейиште карта тапсаң болот, бирок өнөк табыш кыйын; тозокто өнөктөр толтура, бирок карта табыш кыйын.

(Дон-Аминадо)


Тозокто шайтан оң каарман.

(Станислав Ежи Лец)


Тозокто болуп гана бейишти көрө аласың.

(Уильям Берроуз)


Тозок отунан өтпөгөн киши бейиш эмне экенин түшүнбөйт.

(Иар Эльтеррус)


Тозокту өрттөө баарынан кыйын.

(Станислав Ежи Лец)


Бул жашоодон жылуу жер табуу менен сен тозоктон өзүңө бир орун камдаган болосуң.

(Владимир Шойхер)


Акмак үчүн бейиш болуп сезилген нерсе акылдуу үчүн тозок.

(Томас Фуллер)


Адам руханий бийиктикке жетиш үчүн тозоктун бардык тепкичтерин басып өтүүгө тийиш.

(Татьяна Егоровна Соловова)


Текебер кишилердин ар бирине тозоктон өзүнчө казан даярдалып коюлган.

(Белгисиз автор)


Эгер тозокко барып калсаң, мага да терезенин түбүнөн орун алып койчу.

(Чак Паланик)


Эгер сен тозокту көрө элек болсоң, бул тозок жок дегенди билдирбейт.

(Стефани Майер)


Тозокко алпарчу жол аябай эле жеңил, ылдыйыш.

(Кассандра Клэр)


Тозокту жагымдуу кылуу мүмкүн эмес, ошон үчүн ага алпарчу жолду шайтан жагымдуу кылып койгон.

(Василий Кесарийский)


Тозок да, бейиш да адамдын жандүйнөсүндө.

(Жапон накылы)


Тозокту көрмөйүнчө бейиш сага жакпайт.

(Курд накылы)


Бейиште орун чектелүү, тозоктун эшиги болсо дайыма кенен ачык.

(Дмитрий Глуховский)


Бейиште эч ким саат карабайт, тозоктогулар болсо ар бир саатты, мүнөттү эсептеп отурушат.

(Валентин Рычков)


Уинстон Черчилль айткандай, эгер сенин маңдайыңа тозоктон өтүү жазылган болсо, анда эртерээк жөнөгөнүң оң.

(Шэрон Стоун)


Тозокто деле жашоо бар, бирок ал жактагы жашоо сага жагабы, кеп ошондо...

(Дмитрий Соло)


Жашоо дегениң – бул тозокко даярдануу эле окшойт.

(Стивенг Кинг)


Бул тозок биздин бейишибиз болсун!

(Кадзуо Исигуро)


О, Кудай, чындап эле тозок жокпу, мобу шүмшүктөр жазасын албай калабы?

(Антон Чехов)


Эң мыкты, эң бекем болот тозоктун оту менен чыңалат.

(Шеррилин Кеньон)


Эгер тозокко түшкөн болсоң шайтан менен тил табышканга туура келет.

(Александр Беляев)


Ачууң келдиби? Ай-ай-ай! Ачуулануу тозокко алпарарын билбейсиңби?

(Жан-Батист Мольер)


Күн бир жолу тозокко да нурун чачат.

(Грузин накылы)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн