Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бул жолу ИИМге. Депутат Жеңишбек Токторбаев кайрадан суракка чакырылды

02.12.2022 14:23
447
Бул жолу ИИМге. Депутат Жеңишбек Токторбаев кайрадан суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат "Ата-Журт-Кыргызстан" жана "Мекенчил" фракциясынын биргелешкен жыйынында билдирди.


Анын айтымында, кечээ ага ИИМдин Башкы Тергөө башкармалыгынан чакыруу келген.


"Биз бул жерде коррупция тууралуу айтсак, Башкы прокуратура бизди суракка чакырды.

Эми бүгүн ИИМге суракка чакырыптыр. "Келбесеңиз өзүбүз алып келебиз" дейт.

Бул деген аша чапкандык. Башкы прокуратурага тергөө мүмкүнчүлүгү берилгенден кийин коррупция күчөп, өздөрү каалагандай калчап жатат.

Ошондуктан булардан тергөө мүмкүнчүлүгүн алып, өзүн президенттин алдында Тергөө комитетин түзүү керек",- деди депутат.


Эскерте кетсек, буга чейин Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага суракка чакырылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн