Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Бурана” комплексинин аймагында “Тайган Фест” этнофестивалы өтөт

22.06.2023 14:25
1782
“Бурана” комплексинин аймагында “Тайган Фест” этнофестивалы өтөт


«Бурана мунарасы» археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында 2023-жылдын 27-июнунда «Тайган Фест» эл аралык этнофестивалы өткөрүлөт, деп билдирди КР Туризм департаменти.


Ведомстводон билдиришкендей, фестивалдын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, улуттук оюндар, аркан тартыш, тайган жарыш жана концерттик программа уюштурулат. Ошондой эле “Тайган чубатуу” кинологиялык көргөзмөсү тартууланып, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат.


Иш-чаранын максаты – улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продукцияларды, кызматтарды жана маршруттарды түзүү.


Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Туризм департаменти, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, «Жаштар өнүктүрүү ресурстары» коомдук фонду, «Кыргыз Тайган клубу» коомдук бирикмеси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн