Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бурул Аманова: Айрым депутаттар камера үчүн сүйлөп коюп эле кетип калат

02.07.2021 14:34
1382
Бурул Аманова: Айрым депутаттар камера үчүн сүйлөп коюп эле кетип калат


ЖКнын жыйындарын көрүп эле жүрөсүздөр жарым бош зал. Анан эле маселелер 80-90- 100 добуш менен өтүп кетет. Ооба, жүйөөлүү себептери менен катышпай калгандары болот, ишеним кат бергендер болот. Мени башында таң калтырганы телевизорго чыгып, соцтармактарда  активдүү болуп жүргөндөрү да жыйынга келбей, же келип бир, эки популярдуу сүйлөп коюп, телевизорго интервью берип коюп, соцтармактарда акылдуу пост жазып койгондору болду. Эл ишеним көрсөтүп шайлап жатса, мамлекеттик деңгээлдеги маселелер каралса, мыйзамдар кабыл алынып жатса, өзүн алып качып, бир тийип келип кетип турса, ал эми айлыкты толугу менен алып алса (элдикинен жогору), бул жагы кандай болуп калат? Эгерде, сиз да иш ордуңузда отурбай жеңил пиар менен алек болуп жүрө берсеңиз, жумушуңуз таптакыр артка кетет, иш берген адам деле, кой жакшы бар, өз ишиңди кыл дейт эмеспи? (Трудовой кодекс боюнча деле 83 ст., 6- пункт).

 

Бул жерде Дастан Бекешевди мисал катары айтып кетет элем, ар бир жыйынга катышат, өзүнүн да позициясы бар, интеллектуалдык жагынан да деңгээли жогору, ар бир маселени кароодо активдүү катышат. Демек, жыйындарды өткөрүп жибербей, убагында катышса болот экен. Аалы Карашев да ушул эле катарда. 


Эл өкүлдөрү жыйынды калтырбай катышып туруусу үчүн кандай механизм иштеп чыкса болот, же кандай механизмдер бар? Же ушул көрүнүш туура элеби? Сиздин оюңуз кандай?


Бурул Аманова, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн