Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын “Бир билек — бир тилек” аттуу кайрымдуулук долбоорунун алкагында 2 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында жана Октябрь районундагы №6-, 8-, 9-, 10-, 11-муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жашаган муктаж жарандарга жардам берилген. Жалпысынан Бишкек шаарында жашаган 2000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылган.
Мындан сырткары, Ассамблеянын атынан дагы 4 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн