Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүүнү сунуштоодо

06.09.2023 12:47
221
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүүнү сунуштоодо


“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы лидеринин камакка алынышына байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, парламент Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугуна жана мамлекетке чыккынчылык кылган деген айыптарга баа бериши керек.


Гуля Кожокулова депутаттар УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан фракция лидерине баруу ниетинде экенин билдирди.


«Адвокаттар буга чейин баш коргоо чарасына нааразылык билдиришкен. Эл өкүлүнүн ден соолугунун абалы тууралуу дарыгерлердин корутундусу бар. Жактоочулардын айтымында, Адахан Кимсанбаевич отурган камерада дагы эки камакка алынган адам бар. Анын өзгөчө шарттары жок», - деди ал.


Эске салсак, Адахан Мадумаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 2-сентябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн