Бугу 11, 2024
Убакыт: 20:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнө карата соттун өкүмү чыкты

18.01.2024 14:15
211
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнө карата соттун өкүмү чыкты


Жалал-Абад шаардык соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулованы бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.


Өкүм 2023-жылдын 14-декабрында чыгарылган. Чыныгүл Шеркулова үч жылга эркинен ажыратылып, жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.


«КР Конституциялык сотунун өткөн жылдын 29-мартындагы токтомунун негизинде айыпталуучунун өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта болгон бир күнүн эки күн эркинен ажыратуу катары эсептөө чечими кабыл алынган. Чыныгүл Шеркулова жашы жете элек кызын тарбиялап жаткандыктан, өкүмдү аткаруу создуктурулган», - деп айтылат соттун маалыматында.


Эске салсак, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Чыныгүл Шеркулова 2023-жылдын октябрь айында кармалган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Аял социалдык тармактарда жалган маалымат тараткан деп айыпталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн