Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бүтүрүүчү класстар мамлекеттик сынакты кантип тапшырары аныкталды

11.05.2020 17:14
1053
Бүтүрүүчү класстар мамлекеттик сынакты кантип тапшырары аныкталды


Коронавирус пандемиясына байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалымамтка ылайык, атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Эгерде окуучу же ата-энеси коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алышат. Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Мындай чечимди, биринчи кезекте, окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алынган. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдө жалпы республикалык тестирлөөгө көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралганы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн