Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

«Буй буй» ырынын айланасында эмне болуп жатат? (видео)

02.08.2022 21:53
1274
«Буй буй» ырынын айланасында эмне болуп жатат? (видео)


Италиялык блогер кыргыз ырчысы Бактияр Токторовдун «Буй буй» ырына бийлеп, соцтармактарда кызуу талкууга алынды. Ал арада аталган ырдын авторун плагиатка айыпташты. Ал эми Токторов ыр өзүнүкү экенин жана аны патенттештиргенин айтууда. Эмне болуп жатканын түшүндүрөбүз.

Эмне болду?

12-июлда италиялык тиктокер Алессандро Карузо Токторовдун «Буй буй» ырына бийлеп видео жүктөдү. 600 миңден ашык катталуучусу бар блогер жүктөгөн видео 4 млн жолу көрүлгөн.

Соцтармактарда резонанс жаралып, көпчүлүк муну сыймыктануу менен кабыл алган. Кийинчерээк журналист Элмира Мадиева ырдын түп нускасы башка экенин айтып чыкты.

«Бир тайпада Бактияр Токторовдун "Буй-буйунун" түбү башка экенин айтам деп таландыда калдым. Анча-мынча чет элдик ырларды да уга жүрүш керек өзү. Бактияр Токторов ал ырдын ыргагын кыргыз табитине келтирип, оодарган. Бирок ырдын изюминкасы буй-буйда болуп атпайбы. Ал бул ырды “2000-жылдары жазгам” дейт маектеринде. А бул ыргак тээ 1973-жылы эле англисче Bensonhurst Blues деген аталыш менен чыккан», — деп жазды Мадиева баракчасында.

Мадиева айткан Bensonhurst Blues ыры нидерланддык музыкант Оскар Бентонго таандык. Ачык булактарда чыгарма 1981-жылы чыкканы айтылат.

Аталган ырдын кайырмасында да «буй-буй» деп бир нече жолу кайталанып айтылат.

Токторов өзү эмне дейт?

«Биз» тобунун солисти Бактияр Токторов ырдын айланасындагы ызы-чуу боюнча «Клоопко» комментарий берди. Анда ал «Буй буй» ыры өзүнө таандык экенин, 2007-жылы патент да алганын айтты.

«Ыр өзүмдүкү. Негатив айтыла берет. Негизгиси ырдын сөзү да, обону да, аранжировкасы да меники. Өзүм ырдагам», — деди ал.

Токторов анын ыры башка тилдерге которулуп аткарылганын белгилеп, муну менен сыймыктанаарын кошумчалады.

Булак: kloop.kg


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн