«Чакан ГЭС» АКК электр энергиясын өндүрүүдө жылдык планды ашыгы менен аткарды.
Ведомстводон билдиришкендей, 2024-жылы «Чакан ГЭС» АККнын электр энергиясын өндүрүү планы 178,2 млн кВт саат болуп белгиленген. Иш жүзүндөгү өндүрүш 183,4 млн кВт саатты түзүп, бул пландалган көлөмдөн 3% же 5 млн кВт сааттан ашык экендиги маалым болду. Натыйжада электр энергиясын тармакка берүү 3,1% көбөйдү.
Электр энергиясынын негизги бөлүгүн кубаттуулугу 29,8 МВт болгон 8 гидроэлектростанциядан турган Аламүдүн каскады өндүрөт. Алардын ичинде Быстровский ГЭСинин кубаттуулугу 8,7 МВт, Бала-Саруу ГЭСи 25 МВт, ал эми БСР ГЭС-5 ФЭСинин кубаттуулугу 0,1 МВт түзөт.
Пландалган көрсөткүчтөрдү түзүүдө Кыргыз Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу ресурстары кызматы тарабынан берилген суу агымынын божомолдору эске алынган.
Мындан тышкары, электр энергиясын өндүрүүнүн орточо көп жылдык деңгээли, суу ресурстарынын реалдуу көлөмү жана гидротехникалык курулмалар менен жабдуулардын оңдоо графиктери да эске алынган.
Белгилей кетсек, 2023-жылга салыштырмалуу, өндүрүштүн көлөмү 50,1 млн кВт саатка өстү.
Эске салсак, 2023-жылы 133,3 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн