Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чара көрүлөт. Сузакта окуучу кыз тизелеп кечирим сурады (видео)

19.05.2023 17:39
654
Чара көрүлөт. Сузакта окуучу кыз тизелеп кечирим сурады  (видео)



Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун берген маалыматына таянып, Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебиндеги окуучу кызга байланыштуу социалдык тармактарга тарап жаткан видео боюнча комментарий берди.


Маалыматка ылайык,  окуя 2023-жылдын 31-январында 7-класстын окуучулары арасында болгон.


2023-жылдын 19-майында Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ч.Койчуманова мектепке барып, окуянын жүрүшү боюнча териштирүү иштерин жүргүздү. 


Мектептин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу А.Хаджимиддинов, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ш.Якубов, соцпедагог А.Жолборсова жана класс жетекчилер менен сүйлөшүлүп, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. 


Ошондой эле Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө окуянын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүүгүнө жараша мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн