Бүгүн, 17-майда Чаткал районундагы мектептердин биринде сабак учурунда класстын шыбы урап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалыматка таянсак, кырсык райондогу №18 Чымканаев атындагы орто мектебининде болгон.
Мектептен 18 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн