Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 18:28
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Чаткалдын Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болгон төртүнчү жарандын сөөгү табылды

Чаткалдын Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болгон төртүнчү жарандын сөөгү табылды


Чаткал районунун Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болуп жаткан төртүнчү жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, буга чейин куткаруучулар тарабынан 3 жарандын сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары калган 2 жарандын сөөгүн издөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынан 14 тургун жана бир чет элдик жаран Эндик сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын издөө үчүн тоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 16-октябрда ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылып, 6 жаран дайынсыз болуп жаткан.

Бүгүн таң эрте издөө иштерине ӨКМдин тик учагы тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн