Чек арада тажик тараптын агрессиясынан жабыркаган жарандардын саны 134кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек районундорунда дары-дармектин запасы жетиштүү.
Бүгүнкү күндө Бишкектен Раззаков шаарына 37 дарыгер барып иш алып барууда. Ал эми Кызыл-Кыя жана Ош шаарынын дарыгерлери Баткен облустук ооруканасында жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө.
Ошондой эле психологдор эвакуацияланган элге кызмат көрсөтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн