Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 05:15:46
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Чек ара кызматы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда эмнеге автоунаалардын тыгыны пайда болгонун түшүндүрдү

05.06.2023 14:11
420
Чек ара кызматы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда эмнеге автоунаалардын тыгыны пайда болгонун түшүндүрдү


Кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл өткөрмө пунктулары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.


Бүгүн саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча "Ак-Тилек" бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезекке туруп калганы байкалууда. Бул Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын башка өлкөлөргө экспорттоо сезону көбөйгөнүнө байланыштуу экени айтылды. Башка кыргыз-казак көзөмөл-өткөрүү пунктуларында адамдардын жана машиналардын чогулганы катталган жок.


Кыргыз тараптан жүк ташуучуларды чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө эч кандай чектөө жоктугу белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн