Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери, подполковник Талгат Аланов каза болду. Бул тууралуу маалыматты аталган кызматтын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, Талгат Аланов кезектеги эмгек өргүүдө жүргөндө, 21-июлда каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп көз жумган.
Буга чейин Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер тууралуу ачык айтып, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну суранып келген.
Пикирлер (1)