Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды

29.09.2020 10:45
1108
Чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды


Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  


Маалыматка караганда, сентябрь айында УКМК ККК жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө ищ-чаралардын алкагында 40 миң сом өлчөмүнөгү акча каражатын УКМК ККК кызматкерине берип жаткан учурунда Мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-жылы туулган капитан Ж.у.Н. кармалды.


Такталгандай, кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн акча каражатын сунуш кылган.


Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча сотко чейинки иштер козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн