Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чек ара маселеси талкууланды. Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу аяктады

13.10.2022 19:44
569
Чек ара маселеси талкууланды. Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу аяктады



Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн, 13-октябрда,Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.


Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


Мамлекет башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду.


Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды. 


Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясын калыптандыруу эки тарапка тең пайдалуу жана тез арада бүтүшүнө ынтызар экенин, ал туруктуулуктун жана ынак коңшулаштыктын кепили боло тургандыгын белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн