Бугу 12, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Чек ара жаңжалдарына эмне себеп, жоопкерчилик кимде? Эксперт жооп берет

30.04.2021 13:14
946
Чек ара жаңжалдарына эмне себеп, жоопкерчилик кимде? Эксперт жооп берет

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде жайгашкан аймактардын жергиликтүү тургундарынын эки тараптуу кагылышуулары адам өлүмү менен коштолуп, абал кескин түрдө курчуп кетти. Ушул тапта каза тапкан адамдардын саны 13 адамды түзүп, жабыркагандар 100дөн ашканы айтылууда.

Мындан улам эң алды менен жаңжалды токтотуу чараларын көрүү маселеси турат. Чыр-чатактын келип чыгышына эмне себеп болду жана аларды кантип чечсе болот? Бул суроолорго жооп берүүгө аракет кылган саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине төмөндөгүлөрдү билдирди.

Тараптарда консенсус жок

- Чек ара жаңжалын токтотуу боюнча тиешелүү органдар иштеш керек жана олуттуу, чечкиндүү чараларды кабыл алуусу зарыл. Бийликтин туура эмес кадамдарынан карапайым эл гана жапа чегип жатат. Эки тараптын тең тиешелүү жетекчилери консенсуска келе албагандыгынан карапайым элди бири бири менен уруштуруп жатат – ок атышып, таш менен бири бирин ургулашып, айылдарды өрттөштү. Бийликтин негизги максаты - элдерин уруштурбай, сактап келиш керек эле.

Элчиликтер менен Тышкы иштер министрлиги козголбой жатат.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги жана алардын биздин өлкөдөгү элчилиги эмнени карап отурушат?, мен түшүнбөйм. Ошондой эле КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чет мамлекеттерге саякаттап, визиттерге баргандан башка эч нерсе билбейт. Андай болсо буга чейин эле Душанбеге расмий иш сапары менен барбайт беле? Маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы туулуп турганда Тажикстанга барып, жакындан алака түзүүгө, алардын тилин табууга аракет кылыш керек болчу. Мына алардын ордуна карапайым азаматтар таш менен чуркап жүрүшөт. Кыйын, тажрыйбалуу элчилер Европа, Швейцария өлкөдөрүндө жыргап, эс алып жашап жүрүшкөнүн көрүп, ичиң ачышат. Андан көрө проблема көп Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу коңшу мамлекеттерге дайындаш керек болчу.

- Маселени кантип чечсе болот?

- Мен буга чейин эле 30-мартта гезиттердин бирине берген макаламда даана жазып калтыргам – Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда жаңжал чыгышы ыктымалдыгы тууралуу. Бүгүн мен айткан так ошол окуялар болду. Бул маселелерди чечүүгө иш жүзүндө ЕАЭБ жардам бере алат. Биримдикке Өзбекстан менен Тажикстандын кириши көптөгөн маселелердин чечилишине чекит коймок. Ошондой эле бажы посттору кыскарып, адамдардын жана товарлардын өтүүсүнүн процедурасы жеңилдемек, биринчи кезекте чек арадагы жашоочулар үчүн. Бирок бул теория гана. Реалдуулукта биздин татаал аймактарыбызда көптөгөн күч жана таасир топтору бар, алар евразиялык интеграцияны колдошпойт. Булар чек арада тартиптин орношуна каршы болуп, учур учуру менен жаңжалды жандантып, таарынычты козгоп коюшат.

Эксперттердин сунушун эске алып койгон бирөө жок 

Биз айтып, журналисттер менен бирге жазып калтырган макалаларыбызды окуп, берген сунуштарды эске алган жана алдын ала болжолдонулган ой жүгүртүүлөрдү карап коюшпайт. Биз сунуш берүү менен гана чектелебиз да. Ал эми мамлекеттик жетекчилерде болсо чара көрүүгө, чечкиндүү кадамдарды алып барууга шарт бар да. Колунда бийлиги турат, атайын кызмат бар, укук коргоо органдары турат, Элчиликтер турат. Алардын жолунда унаалары даяр, айлык алып атат. Иштеш керек, ойлонуш керек.

- Жоопкерчилик кимде болот?

- Эки тараптын тең бийлик жетекчилери күнөөлүү. Бизде убактылуу өкмөттүн да күнөөсү бар. Булар бийликке келгенде 2010-жылы чыккан июнь окуялары менен бирге азыркы чек ара жаңжалдарынын чыгышына тиешеси бар булардын. Аларды соттош керек. Арасында генералдар жүрөт, алар кайсы эмгеги үчүн жогорку чинди алып жатат, деп ойлойсуң. Мындай наамдардын аркасы менен пенсияны олчойтуп, 100 миң сомдон алып жатышат. 200 генерал элдин эсебинен ушундай пенсияларды алып жатса, өзүңүз ойлоп көрүңүз. Ар бир жетекчи бийликке барып жатканда жоопкерчилик менен барышы керек. Колунан келбесе, аларды бийликке эч ким кыйнап алпарбайт да. Албетте, мунун баарына алдын ала аракет кылбаган жана элди татыктуу башкара албаган бийлик жооптуу болот. Бардыгына тарых өз баасын берет. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн