Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу

19.09.2022 17:00
344
Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу

Чек арадагы райондордо абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.


Анын айтымында, учурда комиссия аймактагы чыгымдын көлөмүн тактоо иштерин улантууда.


“Алдын ала маалымат боюнча, 9 социалдык объект жабыркаган. Кооптуу болуп жаткан айылдарга эвакуацияланган жарандар кайтып келе элек. Ал эми Баткен шаарынын, Кызыл-Жол жана Бужум айылдарынын айрым тургундары үйлөрүнө кайтууда. Аймактагы мектеп, бала бакчалар азырынча иштей элек. Баткен шаарынын муниципалдык кызматтары өз ишине киришти. Кызматтар жабыркаган айылдарда электр менен камсыздоону калыбына келтирүүдө", - деп кошумчалады ал.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн