Жетинин айы 12, 2025
Убакыт: 12:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.100

Чек арада эми оор курал-жарак, техника колдонулбайт, - Ташиев

12.11.2025 09:52
26
Чек арада эми оор курал-жарак, техника колдонулбайт, - Ташиев


Чек арада эми оор курал-жарак, техника колдонулбайт. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы "Карамык" заставасында чек арачыларга кызматтык батирлерди берүү учурунда айтты. 


"Азыр бул жерде үй-бүлөңөр менен чогуу болгонго шарт түзүлдү. Чек араны кайтаруу боюнча буга чейин кызмат кылып келдиңер, мындан ары да так, жооптуу кайтарууга өтөсүздөр деген ойдомун... Чек арабыз, кудайга шүгүр, чектешкен мамлекеттер менен такталып бүттү. Мурдагыдай талаштуу, куралдуу кагылышка жеткирген жерлер жок. Чек араны сактайм деп тайманбас жигиттерибиз курман болуп кетти. Андай ири кагылыштар болбойт деген үмүттөмүн... Чек ара тилкелеринде куралдуу күчтөрдү, чек ара кызматтары колдонгон куралдарды, алардын санын жана аларды колдонуу тартиптерин толук өзгөртүп жатабыз. Ошонун негизинде оор курал-жарактар, техника колдонулбайт. Алардын бардыгын коңшулар менен сүйлөшүп, алып жатабыз. Колуңарда жеңил гана курал болот", — деген Ташиев. 


Ал мындан ары чек арада тынчтык жана туруктуулук сакталарын, коңшу мамлекеттер менен өз ара урматтоого жана кызматташтыкка негизделген мамилелерди өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. 


Ташиев айрым чагымчыл күчтөр тараткан жалган жана коомчулукту адаштырууга багытталган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн