Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чек арада каза болгон Ички аскерлерге багышталып Куран окулду

20.09.2022 11:39
485
Чек арада каза болгон Ички аскерлерге багышталып Куран окулду

ИИМдин жана Ички аскерлердин жетекчилиги курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесин эскеришти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов менен ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу чыр-чатактан курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө барышты.


Куран окулган соң, ички иштер министринин орун басары курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө кайрылып, “Биз Мекенин коргоп, өз өмүрлөрүн арнаган өлкөнүн чыныгы уулдарын жоготтук. Бардыгыбыз аза күтүп жатабыз”,-деди өз сөзүндө.


 Андан сырткары, ал мамлекет курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар дайым көңүл бура турганын билдирди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн