Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Чек арада талкаланган үйлөрдүн саны 120га чыкты

04.05.2021 13:49
987
Чек арада талкаланган үйлөрдүн саны 120га чыкты

Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган объектилер боюнча айтты.

Анын айтымында, облуста 120 турак үй жана 84 объект талкаланган.

“Баткен аймагында жалпы 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара тозоту, 1 медициналык борбор, 1 тиш оңдоочу бөлүм, 2 дарыкана, 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана жана 3 тойкана күйгөн жана жабыркаган. Учурда чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда”, - дейт ал.

Шамырканов ӨКМден аталган ишке 214 кызматер жана 16 атайын техника тартылганын маалымдайт.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Баткен районунун Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу министрлик чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн