Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чек арада үйлөрү кыйраган жарандар Мариповго нааразы болуп, митингге чыкты

22.07.2021 13:04
497
Чек арада үйлөрү кыйраган жарандар  Мариповго нааразы болуп, митингге чыкты


Баткен районунун Ак-Сай айылынын 20дай тургуну бүгүн, 22-июлда облустук администрациянын алдына чогулушту. Алар чек ара чырында өрттөлгөн үйлөрү калыбына келбей жатканына нааразы болушууда. Бул тууралуу "Т-медиа" агенттиги билдирди.


Чогулгандар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ, 22-июлда Баткен облусуна болгон иш-сапарында чек арадан кабар албаганын айтып, кайрадан келишин талап кылышты. Жашоочулар өрттөлгөн үйлөрдү бийлик эки айда калыбына келтиребиз деп убада кылганы менен курулушу баштала электигин айтышты.


«Бизден кабар ала элек. Марипов болсо биз тарапка эч барбайт. Башка жактан эле кайтып кетет. Аркасынан жүргөндөр бизди сүйлөтө койбойт. Элдин үнүн жеткирбейт. Бала-чака, неберелер менен кыйналып көчөдө жүрөбүз. Баарыбыз көчөдө калдык. Бала-чака бар. Мал жандыгыбыз бар. Кыш келе жатат. Ак-Сайдын бир жагы кыргыз, бир жагы тажик. Фундамент куюлганына эки ай болду. Бир үй бүтө элек»,- деди Ак-Сай айлынын тургуну Халид Амираев.


Жергиликтүүлөр менен Баткен облустук администрациясынын кызматкери Алимбек Матмуратов жолугуп, талкаланган үйлөр боюнча иш жүрүп жатканын айтты.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн