Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек арада жашаган эненин 2 баласын тажиктер өлтүрүп, бирин каматкан. Шордуу эне бийликтен жардам сурайт (Видео)

26.04.2021 14:58
1731
Чек арада жашаган эненин 2 баласын тажиктер өлтүрүп, бирин каматкан. Шордуу эне бийликтен жардам сурайт (Видео)

Баткен районун Көк-Таш айылында жашаган эне бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. 

Анын айтымында, ал 90-жылдардан бери аскер ордуна аскер болуп чек араны кайтарып келе жатат. Бул жолу Москвада Тажикстандын өтүнүчү эненин баласын кармап камап коюшкан. 


"Биз бул жерге 90-жылдары көчүп келгенбиз. Бул чал экөөбүздүн башыбызга эмне гана келген жок. Шороп жакка тийген кызым бар эле ошону тажиктер кыйнап эле өлтүрүп койду. Ошол жактан кызымдын сөөгүн алып келип көмдүм. Андан кийин бир баламды чек арадан тутуп кирип аны да сабап өлтүрүп коюшкан. Биз бул жерде 30 жылдан бери азап тартып келе жатабыз. 

Биз бир жакка кетсек тажиктер келип ушул жерге кепе тигип отуруп алыптыр. Мен айттым силерге 9 саат убак берем кетсеңер кеттиңр болбосо колумдан келгенин кылам десем кепесин алып кетти. Биз бул жерде аскер ордуна аскер болуп мекенди коргоп отурабыз. 

Былтыр ушул жерде жаңжал чыкканда биздин үйдү өрттөгөн. Араң качып чыкканбыз. Ташиевге рахмат үй салганга жардам берди. 

Бул неберелеримдин атасы Россияга иштегени кетти эле. Барса Тажикстандын өтүнүчү менен ошол жакта камап коюптур. Мен президенттен, Ташиевден суранам чек араны коргойм деген адамдарды куткарып,чыгарып бергиле.  Болбосо мен бир башымдын бир айласын таап, көчүп кетем өзүңөр коргоп алгыла. 

Биз бул жерде ушул таягым менен түндө уктабай чыгабыз. Качан тажиктер кирип келет деп коркуп жашайбыз",- деген шордуу эне.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн