Чек арада жайгашкан Көк-Таштан келген Адил аттуу жаш бала Садыр Жапаров менен жолугушат. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды.
Садыр Жапаров менен Адилдин жолугушуусу бүгүн, 10-майга белгиленген. Адил жолугушууда чек арадагы окуялар жана атасынын тегеригиндеги маселе боюнча президент менен маектешет.
Маалым болгондой, жакынкы күндөрү Адил Көк-Таш айылынан президент менен жолугушуу үчүн Бишкекке келгенин жергиликтүү басылмалар билдирген.
Эске салсак, 24-мартта Адил Жапаровго кайрылып, чек ара маселесин чечип берүүнү суранып, эки метр нары тажиктер жашай турганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн