Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чек арадагы Көк-Таш айылында түндө тажик тарап 2-3 жолу ок аткан

23.12.2021 11:36
1438
Чек арадагы Көк-Таш айылында түндө тажик тарап 2-3 жолу ок аткан

23-декабрга оогон түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында белгисиз бирөөлөр аңчылык куралдан ок чыгарган. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев  билдирди. Учурда эки өлкөнүн укук коргоо органдары окуяны иликтөөгө киришти деди район жетекчиси. 

 

Жергиликтүү тургундар түндөсү Көк-Таш айылынын чек аралаш аймагында эки-үч жолу аңчылык куралдан ок чыкканын айтууда. Октон эч ким жабыркаган эмес. Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугуп, ок кайсыл тараптан атылганын иликтөөгө алууда. 

 

Бул боюнча Тажикстан тараптан расмий комментарий боло элек. 

 

Акимдин айтымында, чек ара аймагында абал туруктуу, күч кызматтарынын көзөмөлүндө турат. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди. 


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн