Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш жеринде жайгашкан Максат айылында 40 метрлик флагшток орнотулду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалым болгондой, флагштокту орнотуу иш-чарасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана жергиликтүү эл катышкан.
Иш-чарада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, мамлекетте дайыма тынчтык болушун тилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн