Милиция коопсуздукту көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Кечеги окуядан улам Баткен районунун Көк-Терек, Көк-Таш участкаларында электр энергиялары үзгүлтүккө учураган болчу.
Азыркы күндө эки тараптын тең адистери ошол жерлерде электр энергияларын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө.
Милиция кызматкерлери эки элдин адистеринин коопсуздугун камсыздап, жеринде иш алып барууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн