Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чек арадагы абал турукташты жана ал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

30.04.2021 10:01
767
Чек арадагы абал турукташты жана ал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө


Баткен облусунда КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков башында турган жумушчу топ иш алпарууда. Жумушчу топ жерине баргандан бери жаңжалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрдү, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар, окуянын себептери менен кесепеттерин талкуулап, куралдуу кагылышууну токтотуп, жеке бөлүктөрдү жана аскер техникаларсын туруктуу жайларына чыгарып кетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.

Мамлекеттик чек арада чыңалууну болтурбоо жана күчөтпөө боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Мамлекеттик чек аранын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги бул окуя кыргыз элинин биримдигин, тилектештигин, мекенчилдигин жана жаңжалды жөнгө салууга катышууга умтулгандын көрсөттү. Өткөн түнү Кыргызстандын көптөгөн жарандары чек ара аймагына барып, чыр-чатакты жөнгө салууга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү каалагандарын билдиришти.

Учурда чек арага ыктыярчыларды жиберүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстандын жарандары бул ишти мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшыруусу керек. Чыңалуунун очогу жоюлду, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынды. Өкмөттүн жумушчу тобу өз ишин улантып жатат. Бардык жардамдар, дары-дармек, азык-түлүктөр Баткен облусуна токтоосуз жеткирилүүдө

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн