Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 23:15
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Чек арадагы бардык айылдарда электр жарыгы калыбына келтирилди

28.01.2022 14:36
784
Чек арадагы бардык айылдарда электр жарыгы калыбына келтирилди

"Ошэлектр” ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам үзгүлтүккө учураган аба чубалгыларын калыбына келтиришти. Бул тууралуу “Ошэлектро” ишканасы билдирди.


Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Терек, Көк-Таш,Таш-Тумшук, Ак-Татыр, Жаңы-Бак, Орто-Боз, Мазейиттин жери конушу айылдары толук түрдө жарык менен камсыздандырылды.


Белгилей кетсек, аталган айылдарды 35/10кВ «Самаркандек» көмөкчү чордонунан чыккан 10кВ «Ортобоз» аба чубалгысы электр энергиясы менен камсыздайт жана жалпы узундугу 48км аба чубалгысында 52 даана КТП жайгашкан, жалпы 1409 абонент электр энергиясын алат.


Мындан сырткары, учурда линияда жайгашкан трансформатордук подстанциялар да штаттык режимде иштөөсүн РЭТ кызматкерлери көзөмөлдөн өткөрүшүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн