Баткен облусундагы окуяга байланыштуу соңку кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда абал КР ӨК министри Б.Ажикеевдин көзөмөлүндө турат. Азыркы тапта жарандык коргонуу комиссиясы чек ара окуяларында зыянга учураган аймактарда келтирилген чыгымдарды эсептөөдө.
Ал эми Рават айылына көчүрүлгөн жарандар өз үйлөрүнө кайтып жатышат. Баткен шаарында уюштурулган убактылуу жайгаштыруу жайларында турган жарандар ӨКМ тарабынан ысык тамак-аш, зарыл каражаттар менен камсыз болуп, медицина кызматкерлеринин кароосунан өтүп турушууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн