Бугу 28, 2025
Убакыт: 00:20
USD
87.20
87.70
EUR
99.00
100.00
RUB
1.085
1.120

Чек арадагы чырга байланыштуу Башкы прокуратура иш козгоду

Чек арадагы чырга байланыштуу Башкы прокуратура иш козгоду

Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган жаңжалдан улам кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.


"Тажикстандын аскер кызматкерлеринин иш-аракеттери эл аралык келишимдерди бузуу менен мамлекеттин бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык катары бааланат. 2021-жылдын 29-апрелинде бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренесинин ("тынчтыкка каршы кылмыш") реестрге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши УКМК, Ички иштер министрлиги жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринин арасынан ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды", - деп жазылат билдирүүдө.


Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 84 адам жаракат алып, 3 адам каза болду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн