Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чек арадагы окуядан каза болгондордун жакындарына 1 млн сом компенсация төлөнөт

06.05.2021 14:10
849
Чек арадагы окуядан каза болгондордун жакындарына 1 млн сом компенсация төлөнөт

Чек арадагы окуядан каза болгондордун жакындарына бир миллион сомдон компенсация төлөнүп берилет.Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунда жүргөндө билдирди.


Ал Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган айылдарды кыдырып жүрөт.


Жапаров Маргун айылындагы жолугушууда коогада кыйраган, өрттөлүп, талкаланган үйлөрдү, турак-жайларды эки айдын ичинде калыбына келтирүү тууралуу убада берди. Ал чыгымдардын баарын мамлекет көтөрүн айтты. Ошондой эле Маргунда аскердик бөлүк жайгашарын маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн